Казакстанда коронавирус жуктуруу боюнча анти-рекорд жаңыланды. Өткөн суткада илдет менен 5 314 адам катталды. Вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча борбор калаа алдыда. Баш калаада бир суткада 1576 адам кооптуу илдетке чалдыккан. Вирусту жуктуруп алгандардын саны Алматы шаарында да көп. Мегаполисте 850 бейтап аныкталды. Караганды облусу алдыңкы үчтүктү толуктайт: Бул жерде соңку суткада 603 адамга ПЧР-тести аркылуу коронавирус диагнозу коюлган. Жалпысынан, өлкөдө ушул убакка чейин 472 миңден ашуун адам коронавирусту жугузуп алган.
Ошондой эле, кызыл аймактардын катарына Кызылорда облусу да кошулду. Азыркы тапта «кызыл» зонада үч шаар жана он облус жайгашкан. Алматы жана Жамбыл облустары «сары», ал эми Түркстан жана Чыгыш Казакстан облустары коопсуз делген «жашыл» зонага кирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков