Эми донордук органдарды 1 сутка сактоого болот. Мунун чечимин казакстандык окумуштуулар табышты. Медицина дүйнөсүндө теңдеши жок аппарат обочолонгон органды 24 саат бою коопсуз ташуу менен катар, аны денеден тышкары дарылай алат. Азыр адамдын өмүрүнө коркунуч туудурган уникалдуу долбоор клиникалык сыноодон өтүп жатат. Азырынча бул заманбап ыкма жүрөк трансплантациясына багытталган. Өнүктүрүү тобу донордук өпкөнү, боорду жана бөйрөктү ушул эле система менен сактоо жолдорун изилдеп жатышканын айтышты. Дүйнөдө мындай шайманга бир гана альтернатива бар деп айтылат. Ошондуктан, эгерде ата мекендик ойлоп табуу өзүнүн натыйжалуулугун далилдесе, аны чет өлкөлөргө да экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Тимур Лесбеков, UNIVERSITY MEDICAL CENTER корпоративдик
фонду департаментинин мүдүрү:
- Биздин аппараттын америкалык альтернативадан айырмачылыгы-бул
обочолонгон органдын иштөө абалын алда канча узак убакытка сактоого мүмкүндүк
берет. Мындан тышкары, ата мекендик үлгүдө, чет элдиктен айырмаланып органды ташуу
кезинде адамдын денесинен тышкары дарылоого болот. Башкача айтканда, система
уникалдуу, анткени ал байкоо жүргүзүүгө жана баалоого, жүрөктүн үзгүлтүксүз
иштешин камсыз кылган бардык артериялардын ультра дыбыштык жана тамырга изилдөөлөрдү
жүргүзүүгө багытталган. Биздин
команда бул кызматты жүрөктү ийгиликтүү трансплантациялоо үчүн 29 сааттын
ичинде коопсуз жана натыйжалуу ишке ашырууга болорун далилдеди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

