Казакстандын 44 аймагында карантин чаралары күчөтүлөт

Казакстандын 44 аймагында карантин чаралары күчөтүлөт

Карантиндик чектөөлөр Нур-Султан, Шымкент, Караганды жана Атырау облустарында күчөтүлөт. Бул региондордо эпидемиологиялык кырдаал туруктуу эмес. Аныкталган маалыматтардын жарымынан көбү ушул аймактарга таандык. Буга байланыштуу 4 аймакта дем алыш күндөрү Ashyq программасына карабастан, коомдук транспорт, соода борборлору, базарлар, спорттук жайлар жана кинотеатрлардын иши токтотулду. Ал эми кафе жана ресторандар жеткирүү менен гана иштешет. Иш күндөрү Ashyq коду бар мекемелердин эшиктери саат 20-00гө чейин, тиркемени колдонбогондор 17-00гө чейин иштейт. Ошол эле учурда, акыркы үч айда эмдөөдөн өткөн жана жугуштуу илдеттен сакайып чыкпагандарды эске албаганда, бардык уюмдардагы кызматкерлердин 80% аралыктан иштөө режиине өтүшөт.

Өз кезегинде Алексей Цой баш оона айында Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруу учурлары көбөйөт деп болжолдоодо. Ал Эпидемиологиялык кырдаалга жараша 3 мүмкүн болгон сценарийди жарыялады. Өлкөдө дельта штаммынын активдүү жайылышын жана эмдөөнүн учурдагы деңгээлин эске алганда, пессимисттик сценарий боюнча, кийинки айда инфекциялардын саны орто эсеп менен күнүнө 6000 учурдан ашып кетиши мүмкүн. Бул учурда вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны теке айынан аяк оона айына чейин болжол менен 400 миң адамды түзөт. Ал эми оптимисттик сценарий боюнча, күнүнө болжол менен 5000 учур аныкталышы мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков