Казакстандык окуучулар ар кандай тапшырмаларды аткара ала турган робот жасашты

Казакстандык окуучулар ар кандай тапшырмаларды аткара ала турган робот жасашты

Казакстандык окуучулар ар кандай тапшырмаларды аткара ала турган робот жасашты. Дөңгөлөктүү-таяныч механизми эки айдын ичинде иштелип чыккан. Деген менен формасына карабастан, ал оңой жана бекем кыймылдайт. Ал эми туруктуу көтөргүч топу бар кутучасын көтөрүп, өзгөчө тактык менен ыргытат. Иштеп чыгуучулардын айтымында, долбоор теориялык жактан алмаштырылгыс өнөр жайында жардамчы куралга айлынышы толук мүмкүн.


Досжан Дайран, Робототехника боюнча Казакстан курамасынын капитаны:


- Роботту чоңойтуп, аны топ эмес, мисалы буудай чогултуу үчүн колдонууга болот. Функциялары жөнөкөй, бирок кемчиликсиз болушу керек. Биз көп эксперимент жасадык, биздин драйверлер роботту башкарып, кемчиликтер болду. Мелдешке даяр болуп бардык.


Эске салсак, ойлоп табуучулар Грецияда өткөн робототехника олимпиадасында ушуну менен үчүнчү жолу дүйнө чемпиону аталды. Дүйнө жүзүнөн 190го жакын команда катышкан FIRST Global Challenge сынагында казакстандык мектеп окуучулары кезектеги рекордду жаңылап, өлкөнүн капчыгын дагы бир алтын менен толукташты. Мындан тышкары, курама команда калыстар тобу тарабынан жогору бааланып, 3 күмүш медалга ээ болду. Белгилей кетсек, интеллектуалдык сынактын жүрүшүндө Ата Мекендик курама команда рейтингдин биринчи катарынан түшкөн жок. Анткени мекендештер даярдыкты эрте баштап, бардык жагынан мыкты болушту. Окутууну практикалоо үчүн атайын полигон да курулду. Кийинчерээк турнирге катышуу үчүн финалдык команда түзүлдү.


Асылбек Мурзахметов, Ustem Foundation коомдук фондунун мүдүрү:


- Бул жылдын темасы фидинг зе фьючер деп аталды, башкача айтканда биз келечектеги тамак-ашты сактоо жана табуу маселесин талкууладык. Бул жарыштын өзгөчөлүгү да бар. Мында мамлекеттин же жеке адамдын команда катары атаандаштыгы жок. Катышуучу башка эки топ менен чыгат. Эл аралык этапта сиздин жеңишиңиздин 60 пайызы ошол эки өлкөнүн командасына жараша болот.


Которгон: Илгиз Жамалбеков