Астанада салттуу Robotek Grand Tournament чемпионат өттү. Өлкөдө мындан 4 жыл мурда өткөрүлгөн жарыш өткөн жылы Эл аралык макамга ээ болгон. Быйыл биринчи жолу мелдешке АКШ, Болгария жана Молдованын курама командалары катышты. Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандагы мектептердин окуучулары былтыркы жетишкендиктерин эки эселөөгө аракет кылышты. 9 жаштан 17 жаш аралыгындагы 300дөн ашуун катышуучулар 7 категория боюнча өз ара эң күчтүүсүн аныкташты. Аларга роботтордун дизайны, программалоо, инженерия, инновациялык ыкмалар жана ИТ чечимдери кирди.
Эльдар Ашпазов, Робототехника курамасынын
жетекчиси, Өзбекстан:
- Быйыл
биз «желек жеткирүү» категориясына кирдик. Ошондой эле биз чет өлкөлөрдүн мыкты
курама командасынын кубогун алдык. Ошондой эле бизге «Өзбекстандын мыкты
командасы» наамы ыйгарылды. Өзүм жалпы робототехниканы жана Robotek турнирин өнүгүшүнө
кошкон салымым үчүн сыйландым. Дагы бир командабыз «сорттоочу робот» аталышында
экинчи орунду ээледи. Жылдан жылга ийгиликтер өсүп, турнирдин чөйрөсү
кеңейүүдө. Тапшырмалар дагы татаалдашты.
Катышуучулар дагы бир катар номинацияларда сыноодон өтүп,
мыктылары атайын байгелерге ээ болушту. Мындан тышкары, бир нече жеңүүчүлөргө
Казакстан-Британ техникалык университетинин жана Алматы энергетика жана
байланыш университетинин гранттары тапшырылды. Белгилей кетсек, Казакстандын IT
брендине айланган чемпионаттын бардык регламенти-автордук, ата мекендик
интеллектуалдык технология болуп саналат.
Олжас Айтжанов, Robotek мектебинин спорт бөлүмүнүн башчысы:
- Келерки жылы бул иш-чарага 20-30дан ашык өлкөнү кошуу жана тандоо этаптарын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө өткөрүү пландалууда. Максаты - жыл сайын болгон тажрыйбамызды чогултуу жана бекемдөө, ар бир мелдеш үчүн татаал кыйынчылыктарды түзүү жана робототехника тармагына жаш муундарды тартуу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

