Казакстанда эң мыкты эко стартаптар аныкталды

Казакстанда эң мыкты эко стартаптар аныкталды

Казакстандын эң мыкты экологиялык стартаптары аныкталды. Таза технологиялар жана ишкердүүлүк жаатында инновацияларды жайылтуунун глобалдык программасы боюнча улуттук форумдун алкагындагы сынакка 200дөн ашык долбоор келип түшкөн. Серепчилер алардын элүүсүн тандашты. Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму-ЮНИДО алдыңкы 5сүнө 3 миллион теңге сыйлык берди. Бир нече долбоорлор иштелип чыгууда. Тактап айтканда, хлорелла менен сууну тазалоо боюнча. Долбоор ийгиликтүү өлкөнүн бир нече региондорунда ишке киргизилген.


Дидар Карымсаков, Казакстандын экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин жашыл технологиялар жана инвестициялык долбоорлор боюнча эл аралык уюмунун жетекчиси:


- Стартап долбоорлору жети багытты камтыйт. Алар башкаруу жана сууну, энергияны үнөмдөө, ошондой эле натыйжалуу пайдалануу, таштандыларды кайра иштетүү, жашыл транспорт, экологиялык курулуш материалдары жана башкалар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков