Казакстанда алдамчылык менен күрөшүү боюнча оперативдүү платформа ишке кирет. Улуттук банктын маалыматы боюнча, толук функционалдуу антифрод-борбор теке айынын 22нен баштап иштейт. Ал алдамчылык операцияларга каршы ыкчам чараларды көрүү жана шектүү акча которууларга бөгөт коюу менен казакстандыктардын каржылык коопсуздугун коргойт.
Асель Каратаева, Улуттук банктын төлөм системасы саясаты башкармасынын жетекчи адиси:
– Долбоор антифрод-борбордун кызматын жүзөгө ашыруу жана анын катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнүн тартибин көзөмөлдөйт. Ошондой эле алдамчылык белгилери менен төлөм операцияларынын бирдиктүү маалымат базасын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин аныктайт. Антифрод-борбор – каржылык уюмдарды, укук коргоо органдарын, ошондой эле уюлдук операторлорду бириктирген технологиялык платформа болуп саналат. Платформа тийиштүү түрдө белгиленген шектүү операцияларды кошо алганда, алдамчылык операциялар боюнча конкреттүү убакыт режиминде каржы рыногунун субьектилери арасында маалымат алмашууну камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков