Казак тилин жасалма интеллект аркылуу өнүктүрүүнүн модели иштелип чыгууда

Талдыкорган шаары эмнеси менен атактуу? Талдыкорган өзүнүн табигый ландшафттары жана көлдөрү менен белгилүү. Ал ошондой эле айыл чарба борбору жана бай маданий мурастарга ээ.

Ошентип Казакстанда адам менен кайра байланыш түзүп, ар кандай темада эркин баарлаша алган виртуалдык жардамчы пайда болот. Өлкөдө буга мүмкүндүк бере турган казак тилинин масштабдуу тилдик модели иштелип жатат. Жасалма интеллектке негизделген акылдуу система тилди терең иштетүүгө жөндөмдүү. Берилген суроого жооп берип, жыйынтык чыгарат. Текстти бир тилден экинчи тилге заматта которот. Санариптик инфраструктуранын фондуна википедия, маалымат агенттиктеринен жана мамлекеттик веб-сайттардан алынган казак тилиндеги ар кандай булактар жыйналган. Долбоордун типтүү окуу корпусунда казак тилинен тышкары орус, англис жана түрк тилдери да бар.

Ербол Абсалямов, акылдуу системалар жана жасалма интеллект институтунун мүдүрүнүн орун басары:

– Биз аны чын куран айында баштадык. Учурда казак тилинде 30 миллиард жетон чогулттук. Аяк оонага чейин маалыматтарды чогултуп бүтөбүз. Тренинг баштайбыз. Анан аяк оона айынын ортосуна чейин алдын ала модел болот деп ойлойбуз.  Долбоор бештин айынын 16да бүтөт деп күтүп жатабыз жана аны өлкөгө жарыялайбыз. GPT чаты азыр текст катары көрсөтүлдү. Бизде Language Vision model деп аталган келерки жылга пландарыбыз бар. Сүрөттү көрсөтсөңүз ошол боюнча сиз менен сүйлөшөт жана ал жерде сиз менен баарлашат. Башкача айтканда, сиз менен англисче, орусча, казакча сүйлөшө алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков