Казакстанда жер
титирөөнү болжолдоочу, озон катмарынын калыңдыгын аныктай турган, жердин
үстүнкү катмарына жакын аймактагы астрономиялык кубулуштарга байкоо жүргүзүүчү
жана жасалма жаан-чачын чакыра турган аппарат жасалды. Жаш ойлоп табуучу бул
аппаратты жасоого 3 жыл убакыт жумшаган. Наноспутник эки чарчы кутудан жана күн
панелдеринен түзүлгөн. Ичинде электр кубаттагыч, өлчөгүтөр жана бардык
процессти башкарган атайын программа бар. Аппарат стратосферага атайын зонддун жардамы
менен көтөрүлөт. Аппарат ар бир жер катмарында гео-маалыматтарды чогултат.
Шолпан
Амангелди, долбоордун автору:
- Бул
геомаалыматтарды жаңы технологияларды киргизүү үчүн колдонулат. Мисалы, деңиз
деңгээлинен 800 метр бийиктикти өлчөөгө болот. Ал үчүн жер спутнигин
стратосферага чейин көтөрөбүз. Андан кийин гелий шарынын жардамы менен жер
спутнигин 50 чакырымга чейин жиберебиз.
Анда дагы жаңы маалыматтарды чогултабыз деп үмүттөнөбүз. Ошол маалыматтарга
таянып, жасалма жаан-чачын чакыруу мүмкүн болот деп ойлойбуз.
Космос лабораториясында окуучулар техногендик кырсыктарга дуушар аймактарда топуракты жана өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Жаш окумуштуулар бул эки телескоптун жардамы менен күндүн активдүүлүгүнө жана асман дүйнөсүнө байкоо жүргүзө алышат.
Валерий
Никифоров, окуучулар сарайы мүдүрүнүн орун басары:
- Келечекте биз
заманбап астрофизикалык обсерватория түзүүнү пландап жатабыз. Анткени окуучулар
тарабынан суроо-талап бар. Заманбап Казакстан экономикасынын да талабы ушул
болгондуктан, биз бул багытты кеңейтип жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков