Казакстанда өткөн суткада коронавирус жуктурган 1450 жаңы учур катталды. Бейтаптардын көбү – 589 адам Алматыда аныкталган. Инфекция борбор калаанын 502, Алматы облусунун 69 тургунунан ырасталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 1 миллион 319 миңден ашты. Учурда 9 миң 700дөн көп адам коронавирус илдетине каршы дарыланууда, анын ичинен 962 бейтап ооруканада жатат. Буга кошумча, Казакстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү уланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 9 миллион 321 миң казакстандык толук эмдөөдөн өткөн. 4 миллион 921 миң тургун ревакцинацияланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков