Казакстанда онкоскрининг бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болот

Казакстанда онкоскрининг бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болот

Казакстанда онкологиялык скринингден өлкөнүн бардык жарандары камсыздандыруу полиси бар-жогуна карабастан жеткиликтүү болот. Алар изилдөөнү акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесине киргизүүнү пландаштырууда. Бул бейтаптардагы залалдуу шишик оорусун алгачкы этапта аныктоо менен казакстандыктардын ден соолугун жана өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет. Түзөтүүлөр 3,5 миллион жаранга тиешелүү болору күтүлүүдө. Ушул жана башка жаңычылдыктар саламаттыкты сактоо, кумар оюндары жана ашыкча мыйзамдык жөнгө салууларды жоюу боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдүн топтомунда каралган. Документти Мажилис экинчи окууда кабыл алды. Ошондой эле, мыйзамдын айрым ченемдери илимий-изилдөө институттарына медициналык жогорку окуу жайлары менен бирдикте резиденттерди өз алдынча окутууга жана адистештирилген багыттар боюнча докторанттарды даярдоого укук берүүнү карайт. Документ Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү.

Даулет Мукаев, Парламент мажилисинин депутаты:

- Депутаттар төмөндөгүлөргө багытталган түзөтүүлөрдү киргизишти: угуусу начар адамдарды социалдык жактан колдоо, ага ылайык угуусу боюнча майыптыгы бар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен акимиаттар тарабынан угууга жардам көрсөтүлөт. Мыйзам долбоору менен иштөөнүн алкагында депутаттар букмекердик кеңселерди же лотереяларды жарнактоо боюнча мыйзамдарды катаалдаштырууга багытталган түзөтүүлөрдү да киргизишти.


Которгон: Илгиз Жамалбеков