Казакстанда
сөөк кемтигин алмаштыруу санын
жылына 180ге чейин көбөйтүү пландаштырылууда. Улуттук илимий онкология
борборунун ичинде эле ушул жылдын 6 айында 60 ушундай трансплантация жасалды.
Дагы 45 кан илдети менен
ооруган бейтап ушундай эле операцияга даярданууда. Жалпысынан биринчи жарым
жылдыкта бул жерде 1,5 миңге жакын адам дарыланды. Ал эми мекеме 14 жыл иштеген
аралыкта адистер сөөк кемтигин
алмаштыруунун бардык түрлөрүн киргизип, 800гө жакын
операция жасашты. Мекемеде диагностикадан жана химиотерапиядан баштап, алмаштырууга жана андан кийинки
байкоого чейин жардам көрсөтүүнүн толук цикли түзүлгөн.
Даулет Сабденов, бейтап:
- Бул борбордо операция
жасатканыма 4 жыл болду. Мен бул жакка 2021-жылы үчтүн
айында
курч миелобласттык лейкоз диагнозу менен келгем. Химиотерапиядан өттүм, баш
оона айынын 10на сөөк кемтигин
трансплантациялоо
операциясы жасалды, 60 күн дарыланып, кайра үйгө кайттым. Бул борбордо абдан
жакшы адистер иштейт.
Заманбап
технологиялар кандын өзөк клеткаларын хирургиялык кийлигишүүсүз, аферез ыкмасы
менен коопсуз алууга мүмкүндүк берет. Базанын тынымсыз толукталышы жана издөө
системасынын аркасында барган сайын көп бейтаптар ийгиликтүү дарыланууга
мүмкүнчүлүк алышууда. Донорду издөө бейтаптын эң жакын туугандарынан башталса
да, дал келүү болбогон учурда Улуттук регистрдин базасы колдонулат. Анда 13
миңден ашык адам катталган. Зарыл болгон учурда 43 миллиондон ашык дараметтүү донорду камтыган эл
аралык ресурстар кошулат. Адистердин айтымында, дал келүү ыктымалдыгы орточо
эсеп менен 10 миңге бирди түзөт.
Анар Байсмакова, «Кан
борбору»
ААКтын сөөк кемтигин донорлор реестри бөлүмүнүн адиси:
- Орточо эсеп менен эл
аралык базадан 5-6 донор активдештирилет. Негизинен бардык трансплантациялар
туугандардан жасалат, бул жылына 150гө жакын трансплантация, булар туугандык
трансплантациялар, калгандары – донор. 150 адамга табылбаганда, биздин базадан издөө
жүргүзүлөт. Донорлорго болгон талаптар боюнча бизде эң негизгиси – бул курагы
18ден 45 жашка чейин болушу керек, адам жаш болгондо клеткалары активдүүрөөк,
жакшы репродукцияланат жана экинчиси – салмагы 50 килограммдан ашык болушу
керек, башкача айтканда ден соолугу чың адам болушу керек.
Белгилей
кетсек, Улуттук илимий онкология борборунда иштеген жылдары 19 тууган эмес
трансплантация жасалган, анын ичинде төртөө чет элдик бейтаптар үчүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

