Аны Бухар Жырау атындагы адабият жана искусство музейинин кызматкерлери Павлодар облусунун Железин районунда этнографиялык экспедиция учурунда тапкан. «Казактардын тарыхынан» деген китеп 1924-жылы Москвадан жарык көргөнү маалым. Баалуу нусканын мукабасы эскирген, бирок дагы эле таанымал. Бирок китептин көпчүлүк барактары жок. Элүүдөн ашык барактын болгону 15 бети гана сакталган.
Адилбек Амренов, Бухар Жырау атындагы адабият жана искусство музейинин илимий кызматкери:
- Бул Кошмухамбет Кемеңгеровдун алгачкы эмгектеринин бири десек болот. Биз мазмунун кылдаттык менен карап чыктык. Бул китебинде ал казак элинин санжырасы, дини, билими сыяктуу темаларын ошондой эле жер маселесин козгойт.
Китепте Ахмет Байтурсынов иштеп чыккан араб графикасынын негизиндеги алфавит колдонулган. Ошол жылдары анын тиражы 4 миң нуска болгон. Бирок Кошмухамбет Кемеңгеров кезектеги камакка алынгандан кийин бүт интеллектуалдык мурастар конфискацияланып, жок кылынган. Эске салсак, окумуштуу, публицист куугунтукка алынып, 1937-жылы өлүм жазасына өкүм кылынган.
Ербол Кайыров, Бухар Жырау атындагы адабият жана искусство музейинин жетекчиси:
- Бул биз үчүн, музей үчүн, казак адабиятынын тарыхы үчүн өтө баалуу экспонат. «Алашорда элинин изи менен» — долбоорунун максаты ушундай экспонаттарды издеп табуу. Бүгүнкү күндө Кошмухамбет Кемеңгеровдун китебинен тышкары дагы үч китепти таптык. Кайсылар экендигин азырынча атай албайбыз, аларды адистер изилдеп жатышат.
Музейдин кызматкерлери «Улуу ысымдар – улуу талаа» аттуу масштабдуу илимий конференция өткөрүүнү пландаштырууда. Анда павлодардык изилдөөчүлөрдүн башка табылгалары да тааныштырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков