Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казакстандык спортчулар тогуз медалга ээ болушту. Мелдештин жыйынтыгында улуттук курама команда 3 алтын, 4 күмүш жана 2 коло байгеге ээ болду. Ата мекендик спортчулар спорттун 5 түрү боюнча чыгышты. Булар казак күрөшү, көкпар, көк бөрү, жамбы атуу, салттуу жаа атуу. Сыйлыктардын көбүн, тактап айтканда 6 медалды биздин команданын казынасына казак күрөшү боюнча балбандар алып келишти. Ошентип Марат Ныгматуллаев эң жогорку деңгээлдеги биринчи медалдын ээси болду. Ал Монголиянын балбанын эки мүнөттө эле жеңип алды. Зарина Сариповага эч ким тең келген жок. Ал 65 килограммга чейинки салмак категориясында мыкты болду. Еламан Койшыбаев менен Рауза Нурмухамметова бир тепкичке төмөн. Максат Исагабылов менен Молдир Азамат коло медалдын ээси болушту. Салттуу жаа атуу боюнча казакстандык Касымхан Канат финалда мелдештин ээси Огуз Окшыга 2 гана упай айырма менен утулуп калды. Казакстан үчүн эң маанилүү окуя көкпарчылардын ийгилиги болду. Турнирдин финалдык этабында биздин спортчулар кыргызстандык атаандаштарын 4:3 эсебинде жеңе алышты. Ал эми көкбөрү оюнунда биздин команда 2-орунду ээледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков