Көргөзмөдө көпчүлүк учурда көзгө байкала бербеген медайымдардын, ашпозчулардын, кир жуугучтардын, лаборанттардын кызматтары коомчулуктун назарына сунушталган. Бул жерде жалпысынан 70 фото сүрөт жана миңдеген кичинекей портреттер коюлган. Айрыкча Гүлнар Абикенованын сүрөтү дубалды кооздоп турат. Ал 35 жылдан ашык убакыттан бери операциялык бөлүмдө медайым болуп иштейт. Адатта жумушуна байланыштуу анын жүзү беткаптын астына катылып калат.
Гүлнар Абикенова, операция бөлүмүнүн ага медайымы:
- Ишибизге байланыштуу бетибиз көп учурда беткап менен жашырылган болот. Ошондуктан бейтап биздин жүзүбүздү көрбөйт. Биз атайын тазаланган операциялык кийимдерди кийебиз, көзүбүз, колубуз гана көрүнөт. Көбүнчө бардык ыраазычылык дарыгерлерге айтылат. Ал эми операциялык бөлмөдөгү медайымдар көрүнбөй, четте калып кетет. Бирок алар хирургдун оң колу. Операцияга бейтапты медайым даярдабаса, хирург операция жасай албайт.
Костанай облустук ооруканасында 1200дөн ашык адам иштейт. Көргөзмө ооруканада иши көрүнбөгөн кызматкерлердин жүзүн гана көрсөтпөстөн, алардын өмүр таржымалы менен таанышууга да мүмкүнчүлүк берет. 40 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар медайымдардын жана лаборанттардын илимий-изилдөө иштери укмуштуу окуяларга бай деп айтууга болот.
Юрий Моисеев, Костанай облусттук ооруканасынын башкы дарыгери:
- Быйыл медицина тармагында, Костанай облустук ооруканасында иштегениме туура 35 жыл болду. Медицина тармагында кир жуугуч, медайым, ашпозчу деген кесиптер канчалык зарыл экенин жакшы билем. Бул адамдар болбосо оорукананын иши токтоп калат. Даамдуу тамак, пол жуулган, таза. Баарынын көңүлдөрү ток. Бирок бир жерден ката кетип жатса, баары Маша эжекени издешет. Анын жумушта жок экени дароо байкалат.
Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөнүн эшиги көп убакытка ачык болот. Ошондой эле, бул көргөзмө көрүнбөгөн, бирок аларсыз бардык иш токтоп калган кызматкерлерге айтылган ыраазычылык болмокчу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков