Дүйнөлүк экономикалык форумдун талдоочулары жакынкы беш жылда дүйнөдө эң көп суроо-талапка ээ боло турган 10 кесипти атады. Ошондой эле, изилдөөнүн натыйжалары эмгек рыногу маалымат аналитиктери, робототехника, инженер-электрик, айыл чарба операторлору жана санариптик модернизация багытында жаңы адистерге муктаж болорун көрсөттү. Тескерисинче, бүгүнкү күндө популярдуу болгон кээ бир салттуу бизнес рыноктон кете баштады. Бул жаатта кеңсе, каржы жана камсыздандыруу, почта кызматкерлеринин, эсепчилердин, катчылардын жана бухгалтерлердин жумуш орундары кыскарат деп болжолдонууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков