Маңгыстау облусунда каспий тюлендерин сактоо үчүн корук түзүлөт

Маңгыстау облусунда каспий тюлендерин сактоо үчүн корук түзүлөт

Каспий тюлендерин сактап калуу максатында Маңгыстау облусунда республикалык маанидеги 3 корук түзүлөт. Өзгөчө корголуучу аймактар ​​Кендирли, Комсомольский жана Прорва райондорунда жайгаштырылат. Бул тууралуу облустун жаратылыш ресурстары жана аны пайдаланууну жөнгө салуу башкармалыгынан билдиришти. Учурда Экология министрлиги менен биргеликте тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, Каспий көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган атайын программаны иштеп чыгууга облустук бюджеттен 40 миллион теңге бөлүнгөн. Өткөн жылы облустун экологиялык көйгөйлөрүн чечүү үчүн жол картасы иштелип чыккан.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков