Казакстанда жүргүзүлгөн антитеррордук операцияда 3 миңден ашуун адам кармалды. 26 куралдуу кылмышкер өлтүрүлүп, дагы 18и жарадар болгон. Каза тапкан полиция кызматкерлеринин саны 18ге жетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Учурда Кызылорда облусунда антитеррордук операция уланып жатат. Аймакта өзгөчө кырдаалдын кызыл деңгээли жарыяланган. Бүгүнкү күндө шаардык ооруканаларга 168 адам кайрылып, алардын 77си ооруканага жаткырылган. 38 адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Каза тапкандар бар.
Шымкенттеги башаламандык учурунда Сергек камералары талкаланган. Түркестан сарайынын имараты катуу жабыркаган. Метро соода борбору таланып-тонолгон. Курулуш компаниясынын административдик имараты талкаланып, көргөзмө борборунун бир бөлүгү күйүп кеткен. Учурда шаарда ыкчам штаб түзүлүп, иш уланып жатат.
Батыш, Түндүк жана Костанай аймактарында баш аламандыктар болгон жок. Кырдаал жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө. Түркестан облусунда жарандык активисттер жергиликтүү бийликке жардам берип, коомдук тартипти сактоодо. Калк жыш жайгашкан аймактарда коменданттык саат киргизилди.
Акмола облусунда абал туруктуу. Элдердин биримдиги түзүлүп, укук коргоо органдарына коомдук тартипти көзөмөлдөөгө көмөктөшүүдө. Ал «Акмоло коопсуздук зонасы» деп аталат. Үчтүн айынын 6сы күнү кечинде Атырау облусундагы митингчилер өз ыктыяры менен тарап кетишти.
Алматы облусундагы кырдаал толугу менен жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, аймактык антитеррордук ыкчам штаб түзүлдү. Тополоңдун кесепетинен 68 адам медициналык жардам сурап кайрылып, 17 адам ооруканага жаткырылган. Укук коргоо органдарынын 4 кызматкери жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков