Казакстандык илимпоздор вакцинанын жаңы түрлөрүн иштеп чыгышты

Казакстандык илимпоздор вакцинанын жаңы түрлөрүн иштеп чыгышты

Казакстандык илимпоздор коронавируска каршы вакцинанын дагы эки түрүн ойлоп таап, үлгүлөр лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү. Алматыдагы Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды талдоо боюнча улуттук борбордун адистери вакциналардын эффективдүүлүгүн изилдешет. Вакциналардын бири австралиялык окумуштуулардын жардамы менен иштелип чыккан. Ал адаттагыдай колго сайылат. Экинчиси Огайо штатынын университети менен биргелешкен эмгектин натыйжасы. Вакцинанын бул түрү мурунга тамчылатылат. Жагымдуу жаңылык менен Эл аралык эмдөө борборунун мүдүрү Кайсар Табынов бөлүштү. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

Кайсар Табынов, КАЗУАЗУ алдындагы эл аралык вакцинология борборунун мүдүрү:

- Биз бул вакциналарды чакан лабораторияларда бир нече жолу сынап көрдүк. Биз аны ар кандай жаныбарларга сайып, анын коопсуз экенине ынандык. Эми көзөмөл органдары тесттен өтүп, жыйынтыгын көрсөтөт деген үмүттөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков