Учурда дүйнөнү тынчсыздандырып жаткан метапневмовирустук
инфекциянын пандемиясы кооптуу эмес. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо
уюму маалымдады. Серепчилер аталган эпидемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал
жарыялоонун кажети жок деп эсептешет. Метапневмовирус-бул дарыгерлер жакшы билген
илдет. Себеби, ал буга чейин негизинен кыш мезгилинде бир нече жолу катталган.
Башкача айтканда, адистер мындай суук мезгилде пайда болгон жалпы илдет экенин
айтат. Бул инфекцияны жуктурган адамдын дем алуу органдарында сезгенүү процесси
жүрүп, дене температурасы көтөрүлөт. Вирус аба аркылуу тарайт жана адатта
олуттуу кесепеттерге алып келбейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

