Казакстандын электрондук коммерция рыногу 2022-жылы 1,3 триллион теңгеге жетти

Казакстандын электрондук коммерция рыногу 2022-жылы 1,3 триллион теңгеге жетти

Серепчилер  электрондук коммерциянын өнүгүшүн өлкөдөгү санариптештирүүнүн жогорку деңгээли менен байланыштырышат. БУУнун маалыматы боюнча  өлкө электрондук катышуу индекси боюнча дүйнөдө 15-орунда, ал эми электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча 28-орунда турат. Маркетплэйстер  базардын негизги кыймылдаткычтары бойдон калууда. Алардын үлүшүнө  мамлекеттеги  бардык электрондук сатып алуулардын дээрлик 90%ы таандык. Ошол эле учурда казакстандыктардын товарларына эл аралык сайттарга караганда жергиликтүү сатуучулардын суроо-талабы жогору. Мисалы, 10 сатуунун 8ин ата мекендик ишкерлер жасайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков