Казакстан май экспортун дээрлик эки эсеге көбөйттү

Казакстан май экспортун дээрлик эки эсеге көбөйттү

Дүйнөдө Made in Kazakhstan май өнүмүнө суроо-талап өсүүдө. «Энерджипром» ишканасынын маалыматы боюнча, жыл ичинде чет өлкөгө күн карама майын түз жеткирүү дароо 2,5 эсеге өстү. Мындай көрсөткүчтөр, албетте, бул продукцияны чыгаруунун өсүшүн айгинелейт. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында өлкөдө 422 миң тоннадан ашык тазаланган жана тазаланбаган өсүмдүк майы өндүрүлгөн. Айтмакчы, бул бир жыл мурункуга караганда төрттөн бир эсе көп. Өндүрүштүн эң чоң көлөмү Чыгыш Казакстан облусуна туура келет. Анда 181 миң тонна май өндүрүлгөн. Алдыңкы үч аймакка Абай облусу менен Шымкент да кирди. Белгилей кетсек, серепчилер ата мекендик өнүмдү экспортко чыгаруу көлөмүнүн өсүшүн дүйнөдөгү геосаясий кырдаал менен да байланыштырышат. Азыр Казакстан үчүн жаңы багыттар ачылды, анын үстүнө биздин өлкө азыр май өндүрүү боюнча негизги уялардын бирин ээлейт. Мындан улам Чыгыш Казакстандын ишкерлери быйыл биринчи жолу Европанын рынокторуна чыгууга жетишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков