Казакстанда социалдык ишкердик жигердүү өнүгүүдө

Казакстанда социалдык ишкердик жигердүү өнүгүүдө

Казакстанда социалдык ишкердик менен алектенгендердин саны өстү. Бул тармактын өнүмдөрү сапаты жагынан керектөөчүлөрдү канааттандырып жатат. Бул тууралуу борбор калаадагы социалдык цехтин ээси Эмин Аскеров каналга берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Эмгек жолун 2015-жылы баштаган адис учурда 53 аялуу катмарды иш менен камсыз кылууда. Алардын арасында жалгыз бой энелер, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, абактан чыккандар бар.

Эмин Аскеров, социалдык ишкер:

- Өндүрүштүн белгилүү бир кластери менен алектенет. Ага жыгач устакана, тигүүчүлүк, полиграфия жана башкалар кирет. Былтыртан баштап аймактарда ачыла баштадык. Биринчи филиал Павлодарда ачылган, эми Семейде цех ачканы жатабыз. Биз жалпысынан эмне менен алектенебиз? Биз керектөөчүлөрдүн суроо-талабы болгон онүмдөрдү чыгарабыз. Мисалы, азыр биз балдар үчүн оюнчук ойлоп таптык. Аны биз антигаджеттик өнүм деп атадык. «Өзүң кураштырып ал» сериясынан. Бала оюнчукту өзү жасайт. Таза жыгач, экологиялык жактан таза өнүм.

Бул балдардын оюнчугуна орусиялыктар кызыгуучулук артышууда. Коңшу мамлекет өнүмдү сатып алууга даяр. Эмин Аскеровдун өлкөнүн алдыңкы компаниялары менен өнөктөштүк байланышы бар. Бул керектөөчүлөр өнүмдүн сапатын жогору баалагандыктан, дейт социалдык ишкер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков