Казакстан чет элге мунай экспортун көбөйттү

Казакстан чет элге мунай экспортун көбөйттү

750 миллион тоннадан ашык мунай. Казакстан 20 жылдан бери мынчалык көлөмдөгү кара алтынды дүйнөлүк рынокко бирдиктүү мунай кууру аркылуу экспорттоп келген. Бул тууралуу Каспий куур консорциумунун 25 жылдыгына арналган иш-чарада Касым-Жомарт Токаев билдирди. Президент бул куур аркылуу жылына 67 миллион тонна кара алтын ташууга болорун белгиледи. Ал эми 2023-жылы анын кубаттуулугун 80 миллион тоннага жеткирүү көздөлүп жатат. Мегадолбоорду ишке ашыруу Теңиз, Карашыганак жана Кашаган сыяктуу ири кендерди иштетүүгө жаңы дем берди. Бүгүнкү күндө бул кендер өлкөнүн мунай өндүрүшүнүн 60 пайызын түзөт. Президент мунай-газ тармагы Казакстандын экономикасынын өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири экенин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков