Мекендештер өзгөчө Алакөлдө, Балкашта, Зайсанда эс алууну жакшы көрүшөт. Өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинен билдиришкендей, өзгөчө Үчарал, Балкаш, Зайсан жана Үржар эс алуучулардын кызыгуусун арттырууда. Бул багыттар менен туристтер Казакстандын курорттук аймактарына жана пляждык курортторуна барышат. Ошол эле учурда жайкы сезондо суроо-талап жогору болгон багыттардын арасында Актөбө жана Түркестан өзгөчөлөнгөн. Быйыл эки шаарга тең туристтердин кызыгуусу 40%га өстү.
Ернур Кенжебеков, «KAZAKH TOURISM» басма сөз катчысы:
- Ички туризмди өнүктүрүү чет элдик туристтердин санын көбөйтүү сыяктуу маанилүү. Маданият жана спорт министрлиги ички туризмди өнүктүрүү боюнча түрдүү программаларды иштеп чыгып, ишке ашырууда. Мисалы, Kids go free программасы өлкө ичинде үй-бүлөлүк эс алууну эффективдүү пландаштырууга жана акчаны үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Туроператорлор аркылуу туристтик турларды сатып алуу менен мекендештерибиз 30%га чейин үнөмдөй алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков