Жаңы жылга карата Семейдин көчөлөрүнө мультфильм каармандарынын айкелдери коюлду. Чакан архитектуралык объектилер борбор калаадан алынып келинди. Астана шаарынын акимиаты жалпысынан 36 эстеликти белекке берди. Азыр алардын 14ү шаардын ар кайсы аймактарына орнотулуп жатат. Калган 22 этно стилдеги скульптуралар жана казак жомокторунун каармандары Нооруз майрамынын алдында көргөзмөгө коюлат.
Мадина Каңырова, Семей шаарынын тургуну:
- Телевизордон көрүп жүргөн баатырларыбыздын айкелдери орнотулуп жатканы бизди кубандырат. Балдар сүрөткө түшүп, көңүл ачышат.
Яна Мухортова, Семей шаарынын тургуну:
- Бул менин кызымдын жакшы көргөн каармандары. Ал дайыма ушул мультфильмдерди көрөт. Айкелдерин көрүш үчүн атайын алып келдим. Жакшы таасир алды. Шаар боюнча дагы көбүрөөк орнотсо жакшы болот эле.
Которгон: Илгиз Жамалбеков