Казакстанда ветеринардык көзөмөл автоматташтырылат

Казакстанда ветеринардык көзөмөл автоматташтырылат

Казакстан ветеринардык көзөмөл жараянын автоматташтырууну мерчемдеп жатат. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, майда жана ири малдын жашоо циклине байкоо жүргүзүү системасын түзүү өлкөдөгү эпизоотиялык коопсуздукту кыйла жакшыртат. Алсак, эт комбинаттарында жана соода түйүндөрүндө QR-код менен текшерүү сертификаттарын берүү сунушталып, анда жаныбарлар тууралуу бардык маалыматтар камтылат. Пилоттук долбоор Атырау, Акмола, Караганды, Жамбыл, Түркестан, Алматы, Жетису облустарында жана Алматы шаарында ишке кошулган. Ошону менен бирге, системага жаңы санариптик өнүмдөр дагы киргизилди. Алар алгачкы жана туура маалыматтарды негизги «VETMOBILE» жана «TortTulik» маалыматтык системаларга автоматтык түрдө жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамлабеков