Казакстанда биринчи жолу Транспорт илимдери жана технологиялары институту түзүлдү. Жол, транспорт жана логистика тармагын изилдей турган жаңы илимий борбор Алматыда жайгашмакчы. Институт транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана транзиттик дараметти арттыруу үчүн иштеши керек. Бүгүнкү күндө Казакстан аркылуу 11 эл аралык коридор өтөт. Анын 6сы автожол, 5өө темир жол. Алардын бардыгын кошкондо узундугу болжол менен 157 миң чакырым жолду түзөт. Темир жол тармагы 15 миң чакырымды түзөт. Жаңы борбор ушул жолдордун бекемдигин арттырууга, климатка ылайыкташтырылган технологияларды колдонууга шарт түзүшү, ошондой эле транспорт системасын санариптик башкарууга киргизиши керек. Серепчилер бул Евразиядагы ири транспорт хабын түзүүгө конкреттүү илимий негиз болорун айтышат.
Акылбек Күрүшбаев, Улуттук илимдер академиясынын президенти:
- Институттун негизги максаты ар бир зонага Казакстанга ылайыкташтырылган жол куруу технологиясын калыптандыруу. Экинчиси жаңы материалдар менен конструкцияларды жасоо. Ушундай жумуштарды колго ала турган болсок, мамлекет башчысынын тапшырмасын сапаттуу аткарабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

