Казактандыктар накталай акчаны жана насыялык карталарды азыраак колдонушат жана барган сайын адамдар көбүрөөк электрондук төлөмдөрдү тандашууда. Республиканын Финансычылар Ассоциациясынын аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, өлкөдөгү операциялардын 82%ы накталай эмес. Демек бул, бардык сатып алуулардын же төлөмдөрдүн 5тен 4ү. Серепчилер үстүбүздөгү жылдын 9 айындагы маалыматтарды талдап, 2021-жылдын ушул мезгили менен салыштырышты. Алсак, өлкөдө накталай эмес операциялардын үлүшү 77%дан 82%га чейин өскөн. Казакстандыктардын чыгашаларынын негизги үлүшү онлайн төлөмдөргө жана сатып алууларга туура келет. Жалпысынан үчтүн айы-аяк оона айларында казакстандыктар интернетке 59 триллион теңгеден ашык акча коротушкан. Бул болсо накталай эмес төлөмдөрдүн 80%дан ашыгын түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков