Анда жылына 300гө жакын техника чыгарылат деп мерчемделүүдө. Алдыдагы убакытта аларды технопарктар, окуу жана илимий мекемелер, ошондой эле казакстандык жана чет өлкөлүк өнөр жай ишканаларына сатуу каралууда. Бул тууралуу окуу жайдын инновациялык илимий долбоорлорунун бет ачарында университеттин проректору Жанна Курмангалиева билдирди. Көргөзмөгө окуу борборунун окумуштуулары менен мугалимдеринин 20дан ашык илимий иштеп чыгуулары сунушталды. Алардын арасында түрдүү илимий лабораториялардын долбоорлору, ENU-LAB өндүрүш борбору, ошондой эле Ядролук технологиялар паркы бар. Акыркылардын негизинде энергетика, курулуш, айыл чарба, медицина сыяктуу өнөр жайдын ар кыл тармактары үчүн экологиялык жактан таза өнүмдөрдүн 12ден ашык түрү чыгарылат. Жалпысынан университеттин окумуштуулары 200дөн ашык илимий долбоорлорду жүзөгө ашырууда, алардын бардыгын коммерциялаштыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.
Жанна Курмангалиева, Л.Н ГУМИЛЁВ атындагы ЕУУ илим, коммерциялаштыруу жана интернационалдаштыруу боюнча проректору:
Өткөн жылы гана университеттин илимий иштерден алган кирешеси эки эсеге жакын өстү. Башкача айтканда, азыр илимге мамлекет гана эмес, бизнес дагы инвестиция сала баштады. Эл аралык уюмдар сынактардан жеңип, экономикалык келишимдер түзүлдү. Негизинен университеттин окумуштууларынын эмгектери чоң суроо-талапка ээ. Бул - экономиканын реалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлор. Буга байланыштуу биз өз өнүмдөрүбүздү биргелешип иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча келишимдерди түзүүдө абдан жигердүүлүк көрсөтүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамлабеков