Казакстанда учкучсуз учуучу аппараттар чыгарыла баштады

Казакстанда  учкучсуз учуучу аппараттар чыгарыла баштады

Казакстанда учкучсуз учуучу аппараттардын 27 түрү чыгарыла баштады. Петропавлдагы оор машиналарды жасоочу завод алардын төрт түрүн сунуш кылды. Дрондор асман өлкөсү менен биргелешкен долбоордун алкагында жасалган. Техникалык мүмкүнчүлүктөр боюнча прототиптер жети миң метрге чейин көтөрүлүп, абада алты саатка чейин тура алат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аппараттар адам жашоосунун ар кандай чөйрөсүндө колдонулат. Аларды сууда, тоолордо жана токойлордо адамдарды куткаруу үчүн колдонсо болот, ошондой эле дрондор өзгөчө кооптуу аймактарда өрттөрдү аныктоо жана алдын алуу үчүн пайдалуу. Учкучсуз учуучу аппараттар 3D форматында жерди сүрөткө жана видеого тарта алат.

 

Тимур Нүкерей, Заводдун мүдүрүнүн орун басары:

 -Бир учкучсуз учакты жасоого бир айдан үч айга чейин убакыт кетет. Кийинчерээк кытайлык өнөктөштөр өнүмдү бизге бергенде локалдаштырып, заводдун өндүрүшүн тездете алабыз. Азырынча ички рынокто иштеп жатабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков