Улуу Британияда коронавирустук чектөөлөр жоюлушу мүмкүн

Улуу Британияда коронавирустук чектөөлөр жоюлушу мүмкүн

Улуу Британияда коронавирус чектөөлөрү толугу менен алынып салынышы мүмкүн. Бийлик мындай кадамга өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташканына байланыштуу кабыл алууну мерчемдеп жатат. Кийинки айдын аягына чейин бейтаптарды обочолонуу талап кылынбайт, бирок үйдөн чыкпоо сунушталат. Айрым серепчилер үчүн бул күтүүсүз болду, анткени өлкөдө эмдөөдөн өтпөй калгандар дагы эле бар. Бул чаралардан баш тартууга азырынча эрте, дешет адистер. Эске салсак, Улуу Британияда үйдө жана унаада беткап тагынуу зарыл эмес. Ал эми кээ бир коомдук иш-чараларга жана түнкү клубдарга баруу үчүн вакцина паспортту көрсөтүүнүн кереги жок.

Борис Джонсон, Улуу Британия премьер-министри:

- Эгерде азыркы оң тенденция улана берсе, мен чектөөлөрдү, анын ичинде ковид инфекциясын жуктургандарды обочолонууга милдеттендирген мыйзам талабын бирдин айынын 21нен баштап толугу менен алып сала алам деп үмүттөнөм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков