Казакстанда тез жардам бригадасынын курамында парамедиктердин болушу шарт

Казакстанда тез жардам бригадасынын курамында парамедиктердин болушу шарт

Саламаттык сактоо министрлиги калкка тез медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында атайын бригадалардын санын көбөйтүү чечимин кабыл алды. Мындан ары алардын курамына фельдшер, башкача айтканда, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча профессионалдык курстан өткөн адис кирет. Тез жардам станцияларына медициналык маалыматтык системалар жеткиликтүү болот. Бул координациялоочу уюмга көмөк көрсөтүүдө биргелешип иштөөгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө өлкөдө бир жарым миңге жакын тез жардам бригадасы иштеп жатат. Алардын 18 пайызы адистештирилген медициналык бригадалар болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков