Казакстанда темир жол транспорту менен ташуу көлөмү көбөйдү

Казакстанда темир жол транспорту менен ташуу көлөмү көбөйдү

Казакстанда темир жол ташууларынын көлөмү өстү. Тактап айтканда, жүргүнчүлөрдү ташуу жыл ичинде 37%га жогорулаган. Ал эми жалпы жүргүнчүлөрдүн агымы беш жарым миллион адамдан ашты. Тармактагы ишканалардын кирешеси быйылкы жылдын 4 айында 15 пайызга өсүп, 400 миллиард теңгени түзгөн. Кирешенин көбү жүк ташуудан түшкөн. Казакстандын темир жол ишканалары үстүбүздөгү жылдын үчтүн айынан чын куран айына чейин 140 миллион тоннадан ашык жүк жеткирген.  Бул багытта эң жогорку көрсөткүчтөр Караганды, Актөбө облустарында жана Нур-Султан шаарында катталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков