Казак киносунун дарамети артып келет

Казакстан чет элдик кино өндүрүүчүлөр үчүн абдан тартымдуу рынок. Анын ичинде чет элдик кино ишмерлерин казак элинин тарыхы менен маданиятына байланыштуу чыгармаларды тартуу идеясы көбүрөөк кызыктырат. Маселен, америкалык студиялардын бири ат минген кыз тууралуу тасма тартууну пландап жатат. Бул максатта казак режиссёрлору менен кызматташтык түзөт. Тартуу иштери Казакстан менен АКШда келерки жылы башталат деп  күтүлүүдө. Мындан тышкары, өзбек жана беларусь кинокомпаниялары менен тыгыз байланыш түзүү пландалып жатат. Бул аркылуу Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке арналган чыгарманы тартуу көздөлүүдө. Казак киносуна делген кызыгуучулук Европада эле эмес. Буга эл аралык кино фестивалдардагы ата мекендик чыгармалардын ийгиликтери далил.

Андрэ Иванов, Франциядагы казак киносу бирикмесинин президенти:

- Биз Сенегал жана Марокконун эң мыкты эки кинематографиялык компаниялары менен тыгыз өнөктөштүк түздүк. Достук десем дагы аша чапкан болбойм. Маселен, Сенегалдагы эң атактуу режиссёр Мусса Туре Канн фестивалынын катышуучусу. Ал Казакстан менен биргеликте кино тартууга дилгир. Ал эми экинчи режиссёр, марокколук Абдель Альджауари, Марокко кинематографисттер ассоциациясынын төрагасы. Ал дагы Казакстан менен биргеликте чыгарма жаратуу ниетин жашырган жок. Африка континенти да тез өнүгүп келе жаткан рынок. Алардын да Казакстан менен биргеликте иш алып баруу ниеттери жогору.

Эске сала кетсек, Казакстан да Кытай менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырган. 2019-жылы «Композитор»тасмасы экранга чыккан. Ал эми 2020-жылы «Жылкы уурдагандар. «Убакыт жолдору»тасмасы Жапония менен бирге тартылган. Быйылкы жылы көгүлтүр экранга Казакстан менен Грузия каармандарынын биргелешип тарткан фильми жарык көрдү. Кошумчалай кетсек, Орусия менен биргеликте тартылган «Жакында жай аяктайт» комедиялык драмасы да көрүүчүлөргө жол тартты. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков

 

ТЕГИ: чет элдик кино, тасма тартуу, долбоорлор