Казакстанда 2025-жылга карата зыяндуу заттардын көлөмү 30%га чейин азаят

Казакстанда 2025-жылга карата зыяндуу заттардын көлөмү 30%га чейин азаят

Ата мекендик ишканалар «Жашыл Казакстан» улуттук долбоорунун алкагында аталган көрсөткүчкө жетүү үчүн колдо болгон мыкты технологияларды ишке киргизиши керек. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде, Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Айдар Абдуалиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү чечүү максатында башкармалык облустук акимчиликтер менен биргеликте атайын жол карталарын иштеп чыккан. Анын алкагында 485 иш-чараны жүзөгө ашыруу көздөлүүдө. Баяндамачынын айтымында, алардын үчтөн бир бөлүгү толугу менен бүткөрүлдү. Кабыл алынган программалар 2025-жылга карата республиканын 8 шаарында атмосфералык абанын булгануу индексин төмөндөтүүгө, 7 жаңы канализация системасын курууну баштоого, 12синде реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле 24 полигонду курууга мүмкүндүк берет.

Айдар Абдуалиев, экология жана жаратылыш ресурстар министрлиги экологиялык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө комитети төрагасынын милдетин аткаруучу:

- Экологиялык абалды жакшыртуунун эффективдүү механизмдеринин бири өнөр жайдын эң алдыңкы технологияларын ишке киргизүү болуп саналат. Бул максатты ишке ашыруу 2025-жылга мерчемделген. Муну менен биз 10 жылдын ичинде абага зыяндуу заттардын көлөмүн болжол менен 50 пайызга кыскарта алабыз. Ал эми экологиялык кодексте быйылкы жылдан тарта ишканалардын таштандыларынын булактарына автоматташтырылган мониторинг системасын орнотуу каралган. Маалыматтарды онлайн режиминде алуу, эмиссиянын көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү калкты реалдуу жана ыкчам маалымат менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков