Димаш менен Казакстан эгиз тумарга айланды

Дүйнө эли казак ырларын угуп, өлкөнүн тарыхы менен таанышууга ынтызар. Саф өнөрү менен элдин купулуна толгон Димаш Кудайбергендин ысымы эл оозунда. Кайталангыс үнү менен бүткүл дүйнөнү суктандырган ырчынын дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандары бар. Сүйүктүү ырчысын даңазалоо менен бирге, анын урматына дүйнөлүк деңгээлде ар кандай кайрымдуулук жана экологиялык жактан жакшы иш-чараларды уюштуруп келишет. Булардын катарында америкалык фан-клуб да бар. Биздин канал бул топтун мүчөлөрү менен океандын ары жагында жолукту. Алар Димаштын Казакстандагы концерттерин калтырбай, казактардын кайталангыс табиятын таанып, ырчылык күчүнө канааттанышканын айтышат. Алардын көбү борбор калаа жана Алматы шаарларынын архитектурасы, жаратылышы менен таанышууга жетишкен.

Бул бир-бирине окшобогон таптакыр башка шаарлар. Эки шаарды кыдырып, унутулгус сезимдерге бөлөндүк. Келечекте Казакстанга кайтып келгибиз келет. Димаштын киндик каны тамган жерине барып, анын өскөн жерин көрсөк дейбиз. Биздин фан-клуб анын мекенине, маданиятына абдан кызыгат. Ошон үчүн ушундай таланттуу инсанды тарбиялап өстүргөн казак жерин жакындан тааныгыбыз келет.

Жеке мага «Сүйүү тартуула» деген ыры абдан жагат. Бул ырдын казакча жана кытайча варианттарын жаттап алганга аракет кылдым. Бул ырды укканда ички жан дүйнөм элжиреп, жүрөгүмдүн согушу ылдамдайт.

Биринчиден, анын өзгөчө үнү, кайталангыс ырлары мени арбап алды. Ал башка ырчы, обончуларга окшобогон кайталангыс талант. Биздин фан-клуб аркылуу мен анын башка жактары менен тааныштым. Димаштын мүнөзү өтө жөнөкөй.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков