Астанада MARIO CUCINELLA ARCHITECTS көргөзмөсү ачылды

Астанада MARIO CUCINELLA ARCHITECTS көргөзмөсү ачылды

Казакстандын борборунда белгилүү италиялык архитектор Марио Кучинелланын көргөзмөсү ачылды. Анда чет элдик дизайнердин автордук эмгектери жана фото-сүрөттөрү коюлуп, экологиялык туруктуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Архитектордун айтымында, азыркы мегаполистерде, атап айтканда, заманбап көп кабаттуу административдик жана турак жай имараттарын курууда бул принциптерден баш тартууга болбойт. Архитектор белгилегендей, жашыл чечимдерди колдонуунун ийгиликтүү мисалы – Астанадагы Нур Алем сферасы. Уникалдуу павильондо туруктуу энергия булактарынын түрдүү чөйрөлөрүндө буга чейин ишке ашырылган технологиялар жана долбоорлор көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, көргөзмө Италиянын Казакстандагы элчилиги, QazExpoCongress улуттук компаниясынын колдоосу менен уюштурулууда. Ал кулжа айынын 10на чейин ачык болот.

Марио Кучинелла, архитектор/Италия/:

- Мен сиздердин өлкөдө көргөзмө өткөрүүгө абдан кубанычтамын, анткени Казакстан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөй эле туруктуу өнүгүү принциптерин сактоо менен өз борборун курууга умтулууда. Жаш муундар үчүн, өзгөчө жаңыдан өсүп келе жаткан архитекторлор үчүн имараттарды жана шаарларды долбоорлоонун жаңы ыкмаларын билүү маанилүү. Менимче, туруктуулук келечекти курууда негизги ролду ойнойт. Ушул адаттарды эске алуу менен биз имараттарды, шаарларды айлана-чөйрөгө шайкеш келтире алабыз. Бул бүткүл адамзат үчүн жакынкы 30 эмес, 100 жылдын ичинде өтө маанилүү милдет болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков