Касым-Жомарт Токаев «отырар сазы» оркестринин жетекчиси Динара Тилендиеваны кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев «отырар сазы» оркестринин жетекчиси Динара Тилендиеваны кабыл алды

2025-жылы Нургиса Тлендиевдин туулганына 100 жыл толот. Мамлекет башчысы көрүнүктүү композитордун мааракесин масштабдуу деңгээлде өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев «Отырар сазы» оркестринин дирижёру Динара Тлендиеваны кабыл алды. Жолугушууда казак маданиятын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Динара Тлендиева бир катар келечектүү долбоорду ишке ашыруу жаатында, анын ичинде италиялык тенор Андреа Бочеллинин репертуарындагы жана башка да казак эл аспаптарында ойногон белгилүү музыканттардын популярдуу чыгармаларын аткаруу тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, Мамлекет башчы Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, Азирети муфтий Наурызбай ажы Таганулын кабыл алды. Жолугушууда президент Казакстан мусулмандарын ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктады. Азирети муфтий Рамазан айында дин башкармалыгы тарабынан уюштурула турган иш-чараларга токтолуп, жакынкы арада түрк тилдүү мамлекеттердин баш муфтийлеринин кеңеши түзүлөөрүн билдирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков