Казакстанда
органдарды донорлоо жана трансплантологияны өнүктүрүү тууралуу Саламаттыкты
сактоо министрлиги билдирди. Бүгүнкү күндө өлкөдө кырктан ашык донордук
стационар жана жети трансплантация борбору иштейт. Жыл башынан бери
республикада 150гө жакын трансплантация жасалды. Бирок донордук органдарга
болгон муктаждык дагы эле курч
бойдон калууда. Бүгүнкү күндө трансплантацияны күтүү тизмесинде 4 миңден ашык
адам бар. Алардын 120сы – балдар. Абалды өзгөртүү үчүн Саламаттыкты сактоо
министрлиги электрондук өкмөт порталы аркылуу каза болгондон кийинки донорлукка
макулдук же баш тартууну каттоо боюнча санариптик механизмдерди өркүндөтүүдө.
Белгилей кетсек, Казакстанда 18 жаштан 65 жашка чейинки жарандар дараметтүү донор боло алышат – бул
болжол менен он миллион адам.
Назгүл Жангелдина, Саламаттык сактоо министрлигинин трансплантацияны жана ЖТМК
боюнча республикалык борборунун мүдүрүнүн милдетин аткаруучусу:
- Быйыл 131 мүмкүн болгон
донор – бул мээси иштен чыккан деп диагноз коюлган бейтаптар, бирок, тилекке каршы,
алардын 10у гана макулдугун берди. Эгерде өткөн үч жылдагы көрсөткүчтөр менен
салыштырсак, 2023-жылы 33 миң адам катталса, бүгүнкү күндө 134 миң жаран өз
эрки менен билдирүүсүн каттады, алардын 10 миңи макулдугун берген. 2023-жылга
салыштырмалуу макулдук үч эсеге көбөйдү.
Маалыматтык иштер менен катар трансплантология жаатында
эл аралык кызматташтык жүргүзүлүп, жаңы технологиялар киргизилип жатат. Мисалы,
Астанада быйыл донор органдарын адамдын денесинен тышкары 24 саатка чейин тирүү
сактоого мүмкүндүк берүүчү жабдууларды чыгаруучу заводдун курулушу башталды.
Бул ийгиликтүү трансплантациялоо мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат жана
органдарды өлкөнүн бардык аймактарына, жада калса анын чегинен тышкары да
жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Долбоорду казакстандык
инвесторлор колдоп, Борбор Азияда мындай техниканы чыгарган биринчи ишкана
болуп калат.
Кайрат Иманбаев,
Трансплантацияны координациялоо, ЖТМК көрсөтүүлөр боюнча республикалык
борборунун донордук органдарды координациялоо жана ажыратуу бөлүмүнүн
жетекчиси:
- Биздин АЛЕМ иштеп
чыгуубуз - бул абдан чоң жетишкендик. Менин оюмча, бул бизге жардам берген
техникалык бөлүгү бар багыттардын бири. Канчалык тез трансплантат борборлоруна
жеткирсек, ошончолук жакшы болот. Жүрөк - 4 саатка чейин, боор - 6 саат, бөйрөк
- 12 саат, демек, биз ушул убакыттын ичинде көчүрүп үлгүрүшүбүз керек, бул
аппарат көп нерсени чечет. Биз санитардык авиацияны колдонобуз, бул аппараттар
муздак ишемия мезгилин кыскартууга жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

