Казакстанда коронавирус жуктуруу боюнча жаңы анти-рекорд катталды. Өткөн суткада өлкөдө 5 648 адам кооптуу илдетке чалдыккан. Борбор калаада 1 549 бейтап аныкталды.
Андан кийин Алматыда - 885, Караганды облусунда 746 адамга диагноз коюлду. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 478 миңге жетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 50 миңден ашуун казакстандыктар коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатышат. Алардын 16 миңден ашыгы ооруканага жаткырылган. Теке айынын 16на карата коронавирустук вакцинанын биринчи компоненти өлкөдөгү 4 миллион 776 миңден ашуун кишиге сайылып, 2 миллион 661 миң 833 адам эки компонентти алууга жетишкен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков