Казакстанда 2 572 бала COVID-19 илдетине каршы дарыланууда

Казакстанда 2 572 бала COVID-19 илдетине каршы дарыланууда

Казакстанда коронавирус инфекциясынан каза болгон балдар жок. Бул тууралуу Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Айгүл Базарбаева кабарчыбызга берген маегинде билдирди. Балдарда илдет көбүнчө жеңил мүнөздө өтөт, дейт адис. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 26 миң 620 бала коронавирусту жуктурган. Алардын 24 миңден ашууну айыгып чыккан. Учурда 2,5 миңден ашуун бала дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Алардын 92% үй шартында дарыланып жатат. Маалыматтарга караганда, кичинекей бейтаптардын саны боюнча алдыңкы үчтүккө борбор шаар, Алматы шаары жана Караганды облусу кирет.

Айгүл Базарбаева, педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борбору төрагасынын милдетин аткаруучу:

- Биз балдар арасында коронавирус инфекциясынын жайылышын көзөмөлдөп турабыз. 2020-жылдын аяк оона айынын 1 жана 2021-жылдын бугу айынын 16на карата өлкөдө 22 миң 194 бейтап бала бар. Ал эми алардын 15 миң 510у аралыктан окутуу форматында билим алып жаткандар. Бул балдардын болжол менен 70% түзөт. Ал эми балдардын 30% жакыны же 7 084 балага илдет оффлайн форматында жуккан. Албетте, инфекциянын таралуу коркунучун азайтуу үчүн белгилүү бир эпидемиологиялык чаралар көрүлүшү керек.

Маалыматтарга караганда, инфекция жуктурган балдар негизинен аралыктан билим алышкан. Ошондуктан кийинки окуу жылын бардык санитардык ченемдерди сактоо менен салттуу форматта уюштурууга мүмкүнчүлүк бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков