Маймыл чечегинин дүйнө жүзү боюнча жайылып кетүү коркунучу жогору. Тактап айтканда, калктын аялуу катмары, кош бойлуу аялдар, иммунитети алсыз бейтаптар жана балдар арасында инфекциянын жуктуруу ыктымалдыгы барлар. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Уюмдун Өзгөчө кырдаалдар комитети эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаалды жарыялай элек. Бүгүнкү күндө Европанын 28 өлкөсүндө 2600дөн ашык инфекциянын учуру тастыкталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков