Мындай жогорку наамды биринчи жолу Кытайдан келген гроссмейстер алды. Эске салсак, борбор калаада чын куран айынын 7нен бугу айынын 1не чейин Ян Непомнящий менен мелдешке чыккан. Алар шахмат оюну боюнча 14 оюн бою өз ара күч сынашты. Эки күчтүү команда тең чыгып, жеңүүчү “тай-брейк” кошумча таймында гана аныкталды. Атаандаштар тез ойнолчу үч оюнда бири-бирин жеңе алышкан эмес. Төртүнчү партияда гана Дин Лижэнге ийгилик жылмайып, утуп чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков