Сапаттуу
медициналык кызматтар, жеткиликтүү баалар жана саламаттыкты сактоо
инфраструктурасын өнүктүрүү. Ушул көрсөткүчтөрдүн аркасында Казакстанда
медициналык туризм күч алууда. Өлкөгө дарылануу үчүн келген чет
элдиктердин саны көбөйүүдө. Мисалы, Шымкентти Өзбекстан, Тажикстан, Орсия, Кытай жарандары тандайт. Европадан келгендер дагы бар. Үчүнчү
мегаполисте татаал операциялар жасалып жатат. Өткөн жылы эле казакстандык
дарыгерлер 150 чет элдик жаранга жардам колун сунушкан. Алардын
бири-Тажикстандын жараны Абдулахай Касымов. Ал Казакстанга татаал
нейрохирургиялык операция жасоотуу үчүн келген. Ал инусльт алып, натыйжада, мээнин бир бөлүгүн камсыз кылган кан тамырлар бүтөлүп калган. Жергиликтүү дарыгерлер Казакстанда дарыланууга кеңеш
беришкен.
Абдулахай Касымов, Тажикстандын тургуну:
- Клиникада
дарыгердин кабыл алуусунда болдум. Кан басымым
жогору. УЗИден өткөндөн кийин текшерди. Анан Казакстанга барып, дарыланууга кеңеш берди. Байланышып, келдик. Уйкум тынч, башым айланбайт.
Бейтап бир нече күн ооруканада жаткан. Азыр абалы жакшы. Эң негизгиси,
дарылоодо эч кандай кыйынчылыктар жок.
Тынчсыздануу байкалбайт.
Дарыгерлер операцияны заманбап ыкма менен жасашты. Ошондой эле организмге терс
таасирин тийгизбейт, бул тез калыпка келүүгө
мүмкүндүк берет.
Марат Күлмирзаев, Шымкент шаары №2 нейрохирургия ооруканасынын бөлүм
башчысы:
- Бизге
жогорку технологиялык шаймандарды талап кылган операция үчүн келет. Негизинен
татаалдыгы боюнча 4-5 категорияга кирет. Кээ бир өлкөлөрдө нейрохирургдар жана
квалификациялуу адистер жетишпейт. Ошондуктан тез жардам алуу үчүн бизге кайрылышат.
Нурлыбек Асылбеков, Шымкент шаары саламаттыкты сактоо
башкармасынын жетекчиси:
- Өсүү
бар. Кардиохирургиялык, ортопедиялык жана нейрохирургиялык операциялар жасалат.
Бизде жогорку класстагы адистер бар экенин угуп, билишет. Ангиограф, MРТ, КТ сыяктуу өнүккөн аппараттар бар.
Алардын баары эң заманбап аппараттар. Аларды да билишет.
Казакстандык дарыгерлер башка өлкөлөрдүн бейтаптарын кабыл алуудан сырткары, чет өлкөгө барып, кесиптештери ортосунда тажрыйбалары менен бөлүшөт. Серепчилердин пикиринде, Казакстанды медициналык туризм катары тандоо-бул бейтаптар тарабынан жасалып жаткан чоң ишеним.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

