Чет өлкөдөн инфекцияга каршы ПЧР аныктамасы жок келген казакстандыктар мамлекетке чоң зыян келтирүүдө. Мисалы, өткөн суткада өлкөгө 32 эл аралык авиакаттам менен келген жүргүнчүлөрдүн 793үндө COVID-19 илдетине каршы ПЧР-тести болгон эмес. Бул жарандардын тестине 5,5 миллион теңгеден ашык каражат сарпталат. Бул чыгымдардын аз гана бөлүгү. Аны менен катар, ПЧР-тесттин жыйынтыгы чыкканга чейиналар мамлекеттин эсебинен карантиндик стационарга жаткырылат. Белгилей кетүүчү жагдай, көптөгөн өлкөлөрдө туристтер карантиндик ооруканаларда болуу акысы менен ПЧР анализдеринин наркын өздөрү төлөшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков