D витаминин көп өлчөмдө ичүү коронавирус жуктуруу тобокелдигин төмөндөтпөйт

D витаминин көп өлчөмдө ичүү коронавирус жуктуруу тобокелдигин төмөндөтпөйт

D витаминин көп өлчөмдө ичүү COVID-19 илдетине кабылуу тобокелдигин төмөндөтпөйт. Улуу Британияда коронавируска байланыштуу профилактикалык клиникалык сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы чыгарылды. Изилдөө иштерине 6 миңден ашуун ыктыярчы катышты. Алардын жарымы организминдеги D витамининин деңгээлин аныктоого үзгүлтүксүз тест тапшырып, өнөкөт жетишсиздик учурда бул заттын көп дозасын ичип жатты. Изилдөө 2020-жылдын бештин айында башталып, 2021-жылдын теке айында аяктаган. Окумуштуулар ыктыярчылардын организминдеги D витамининин концентрациясынын көптүгү COVID-19 илдетинин альфа жана дельта штаммдарын жуктуруу тобокелдигин төмөндөтө тургандыгы тууралуу маанилүү далилдерди тапкан жок.

Которгон: Диналиана Джунушева