Казакстанда бензиндин баасы кымбаттады. Анын ичинде АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 178 теңгеге көтөрүлдү. Айта кетсек, бул маркадагы бензиндин баасы акыркы убакта салыштырмалуу туруктуу болуп, литри 168-175 теңгеден сатылып келген. Бирок тогуздун айынын орто ченинде анын баасы көтөрүлдү. 92 менен катар АИ-95 да кымбаттады. Анын баасы 205-214 теңгенин тегерегинде сатылууда. Кошумчалай кетсек, акыркы айларда дизелдик отундун баасы өстү. Май куюучу жайларда анын литри 230 теңгеге бааланууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков