Казакстанда «Эңсеген наристе» социалдык программасы башталды

Казакстанда «Эңсеген наристе» социалдык программасы башталды

Казакстанда «Эңсеген наристе» социалдык программасы башталды. Белгилей кетсек, өлкөдө быйыл программанын алкагында бөлүнгөн квота жети эсе арткан. Башкача айтканда, 7 миң үй-бүлө балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Айта кетсек, экстракорпоралдык уруктандыруу процедурасы мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.

ДССУнун маалыматы боюнча, репродуктивдүү технологиянын натыйжасында 45-60% учурда балалуу болуу мүмкүнчүлүгү бар.

Биздин өлкөдө ЭКО эффективдүүлүгү орто эсеп менен 15 пайыздан 42% чейин жогорулады. Төрөттөн кийинки дарылоонун эффективдүүлүгү 30% деңгээлинде. Бул эң мыкты европалык клиникалардын көрсөткүчүнө туура келет.

Бул процедура терапиялык жол менен дарылоо натыйжа бербеген тукумсуздук диагнозу коюлган бейтаптарга арналган. Мындан тышкары, экстракорпоралдык уруктандырууга жубайлар да, никесин мыйзамдаштырбаган адамдар да катыша алат. Акыркы учурда милдеттүү түрдө талапкердин жазуу жүзүндө макулдугу болушу керек. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 11030 аял тукумсуз деген каттоодо турат.