Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 415 миңге жакындады

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 415 миңге жакындады

Казакстанда пандемия башталгандан бери коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 415 миңге жакындады. Бир сутка ичинде кооптуу илдет өлкө боюнча 1 445 кишиден аныкталды.

Нур-Султан шаары бейтаптардын саны боюнча дагы эле биринчи орунда турат. Борбор калаанын 506 тургунуна ПЧР-тести аркылуу COVID-19 диагнозу коюлду. Экинчи орунда - Алматы турат. Түштүк шаарда 181 бейтап катталган. Андан кийин Караганды облусунда 147 адам кооптуу инфекцияга чалдыккан. Ал тапта өлкөдө эмдөө кампаниясынын ыргагы күчөдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, буга чейин 1 миллион 829 миң 643 казакстандык коронавируска карата вакцинанын эки компонентин тең алууга жетишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков